Кытай Еверестти туристтерге жапты

Кытай Эверест тоосунун Тибет автоном аймагындагы бөлүгүндө «чогулган таштандылардын» айынан туристтерге жапты.

1146300
Кытай Еверестти туристтерге жапты

Кытай Эверест тоосунун Тибет автоном аймагындагы бөлүгүндө «чогулган таштандылардын» айынан туристтерге жапты.

South China Morning Post гезитинин кабарына караганда өткөн айдын акырында чыгарылган жана андан кийин коомчулукка жарыяланган чечимдин негизинде 5 миң 200 метрден бийик болгон аянттар, экологиялык коргоо деген негиз менен туристтердин зыяратына туруктуу түрдө жабылды.

Чечимдин чыгарылышында өткөн жылы 5 миң 200 метрден бийик болгон аймактарда 8, 4 тонна, андан астыңкы аймактарда болсо 335 тонна таштандынын чогултулушу таасирдүү болду. Чечимге караганда 5 миң 200 метр  жана астыңкы бөлүктөргө чыга турган кишилерден таштандыларын кайра алып келүүлөрү керек.

Тоого чыгуу уруксаты болгон альпинисттер 5 миң 200 метрден бийиктикке чыга алышат.

Тоонун Тибет бөлүгүнөн чыга турган кишилердин саны болсо бул жыл үчүн 300 менен чектелди.

Кытай альпинист жамаатынын маалыматтарына караганда өткөн 8 жылда 40 өлкөдөн 20 миңден ашуун киши Еверест тоосуна чыкты.

Дүйнөнүн чокусу деп билинген Еверест тоосу Непал менен Кытайдын чек арасынын арасында орун алган. Кытайда Тибет автоном аймагы тарабынан тоого чыгылат.



Тектеш кабарлар