Путин, Иранга Сирия кризисине чечүүчү жол табууга салым кошкону үчүн ырахмат айтты

Путин, Сочиде өткөн төртүнчү Үчтүк саммиттин алкагында Иран менен болгон делегациялар аралык жолугушуунун алдында сөз сүйлөдү.

1145575
Путин, Иранга Сирия кризисине чечүүчү жол табууга салым кошкону үчүн ырахмат айтты

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Иранга Сирия кризисине чечүүчү жол табууга салым кошкону үчүн ырахмат айтканын белгилеп: «Иран менен Сирия кризисине чечүүчү жол табыш үчүн тыгыз кызматташуудабыз, бирок бардык маселелер чечиле алган жок»,-деди.

Путин, Сочиде өткөн төртүнчү Үчтүк саммиттин алкагында Иран менен болгон делегациялар аралык жолугушуунун алдында сөз сүйлөдү.

Орусия жана Ирандын ортосундагы кызматаштыктын акыркы убакта артуусу уланып жатканын белгилеген Путин: «Сирия кризисине чечүүчү жол табууга Ирандын кошкон салымы үчүн ырахмат айтабыз. Биз биргеликте Сирия кризисине чечүүчү жол табыш үчүн тыгыз кызматташуудабыз, бирок бардык маселелер чечиле алган жок»,-деп айтты.

Иран менен биргелешкен долбоорлордун да өнүктүрүлүшү уланганын белгилеген Путин: «Бүгүнкү жыйналышыбыз эки тараптуу карым-катнаштарыбызды дагы да өнүктүрөт»,-деп айтты.

Путин, кечээ Иранда болгон террордук кол салуу боюнча да көңүл айтты.


Этикеткалар: #Путин , #Иран , #Сирия

Тектеш кабарлар