«АКШ бизге кол сала турган болсо биз да Тель Авив жана Хайфаны жер бетинен жок кылабыз»
Төңкөрүш Гвардиялары командирлеринен Ядуллах Жавани кечээ Иран расмий маалымат агенттиги IRNAга берген маалыматында : «АКШ бизге кол сала турган болсо биз да Тель Авив менен Хайфаны картадан жок кылабыз»,- деди.
![«АКШ бизге кол сала турган болсо биз да Тель Авив жана Хайфаны жер бетинен жок кылабыз»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5071/6a0f/6d51/5c6264dbcbe4d.jpg?time=1718833740)
Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяху Ирандан келген «АКШ бизге кол сала турган болсо биз да Тель Авив жана Хайфаны жер бетинен жок кылабыз»,- деген билдирүүгө каршылык көрсөттү. Нетаньяху : «Иран Тель Авив менен Хайфаны жок кылуу жаңылыштыгын кыла турган болсо бул алар белгилеген төңкөрүштүн акыркы жылы болушу мүмкүн»,- деди.
Ирандан келген коркутууларды эске алышкандарын бирок бул коркутуулардан коркпогондугун да айткан Нетаньяху : «Эгерде бул режим Тель Авив жана Хайфаны жок кыла турган болсо бул алардын төңкөрүштүн акыркы жылын белгилеши болот. Муну эске алуулары керек»,- деди.
Төңкөрүш Гвардиялары командирлеринен Ядуллах Жавани кечээ Иран расмий маалымат агенттиги IRNAга берген маалыматында : «АКШ бизге кол сала турган болсо биз да Тель Авив менен Хайфаны картадан жок кылабыз»,- деген.