Жаңы Зеландияда 700 киши эвакуацияланды

Эки миң гектардык аянтка жайылган токой өртү уланып жатат.

1141402
Жаңы Зеландияда 700 киши эвакуацияланды

Жаңы Зеландиянын Wakefield аймагында шейшемби күнү башталган жана орто эсеп менен 2 миң гектардык аянтка жайылган токой өртүнүн себебинен 700 киши эвакуацияланды.

Жарандык коргонуу кызматкерлери, Түштүк аралга караштуу Wakefield аймагынын айрым жерлеринде шейшембиден бери уланып жаткан тилсиз жоонун айынан болжол менен 700 кишинин эвакуациялангандыгын, 3 миң кишинин болсо эвакуациялоо буйругун күтүп жатканын белгилешти.

Жооптуу кызматкерлер, кала турчу жерлери жоктордун жардам борбору катары колдонууга ачылган стадионго баш калкалай ала тургандарын билдишти.

Тилсиз жоого айыл чарба техникаларынан чыккан өрттүн себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.



Тектеш кабарлар