Индияда ичкилик ичип каза болгондор катталды

Полиция аймакта жасалма ичкилик чыгарууга каршы кеңири чара көрүүнү баштады.

1141624
Индияда ичкилик ичип каза болгондор катталды

Индиянын Уттаракханд провинциясында жасалма ичкилик ичкен 13 киши каза тапты.

Индия Таймс гезитинде чыккан кабарга караганда жооптуу кызматкерлер Харидвар аймагына караштуу Бхагванпур районунун айрым айылдарында жасалма ичкилик ичкен 13 кишинин каза тапканын, 40 кишинин болсо ооруканага жаткырылганын белгиледи.

Каза тапкандардын жаштарынын 30-57 жаш аралыгында болгонунун маалыматын бөлүшкөн жооптуу кызматкерлер, окуянын шектүүлөрүнүн оор жазага тартыла турганын билдирди.

Полиция аймакта жасалма ичкилик чыгарууга каршы кеңири чара көрүүнү баштады.



Тектеш кабарлар