Ливиянын биринчи аял ички иштер министри

Ливанда ички иштер министрлигине дайындалган биринчи аял болгон Рая Хаффар ел  - Хасан кызматын баштады.

1140370
Ливиянын биринчи аял ички иштер министри

Ливанда ички иштер министрлигине дайындалган биринчи аял болгон Рая Хаффар ел  - Хасан кызматын баштады.

Премьер  - министр Саад ел  -  Хариринин жетекчилигинде өткөн жумада курулган жаңы кабинетте орун алган 4 аял министрдин бирөөсү да ички иштер министри Рая Хасан болду.

Хариринин партиясы «Мустекбал кыймылынын»  мүчөсү Хасан араб өлкөлөрүндө ички иштер министрлигине дайындалган биринчи аял катары тарыхка өттү.

Министр Хасан борбор шаар Бейруттагы ички иштер министрлиинде өткөрүлгөн азем менен Нихади Мешнуктан кызматты өткөрүп алды. Хасан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө өзүн күтүп жаткан кыйын кызматка көңүлдөрдү бурду.

Жарандардын санааркоолоруна көңүл буруу менен бир план даярдашкандарын айткан Хасан : «Кыйын ишти өткөрүп алдым. Себеби мыйзамды ишке киргизген ички иштер министрлигин өткөрүп алып жатам»,- деди.

Министр Рая Хасан Харири 2009 -  жылы курган өкмөттө финансы министри катары ишин баштаган. Ливандын түндүгүндөгү Траблусшам шаарында 1967 -  жылы төрөлгөн Хасан үй  - бүлөлүү жана 3 баланын энеси.

Прмьер – министр Харрири да социалдык медиа эсебинен берген маалыматында : «Ливан аялы менен сыймыктанам. Кабинеттеги 4 аял министр менен сыймыктанам. Араб дүйнөсүнүн биринчи ички иштер министри менен сыймыктандым. Ливандын келечеги менен сыймыктанам»,- деди.



Тектеш кабарлар