Асад режиминин Идлибге карата кол салуусу улантылууда

Сирияда Башар Асад режими жана Иран колдогон террордук топтордун «Идлиб араздашууну азайтуу аймагынын» чектеринин ичиндеги отурукташуу жерлерине жасаган артиллериялык кол салуусунда 7 жаран жараланды.

1140553
Асад режиминин  Идлибге карата кол салуусу улантылууда

 Сирияда Башар Асад режими жана Иран колдогон террордук топтордун «Идлиб араздашууну азайтуу аймагынын» чектеринин ичиндеги отурукташуу жерлерине жасаган артиллериялык кол салуусунда 7 жаран жараланды.

Режимдин күчтөрү Сочи макулдашуусун бузуп : «Идлиб  араздашуусун азайтуу аймагынын» чек арасынын ичиндеги Идлибдин Жерженаз жана Туха аймагы менен Темание жана Сукейк айылдары Хама облусунун түндүк элетиндеги Латамине жана Морик райондору менен  Зекат, Хасрая жана Маракбе айылдарына пулемет менен кол салды.

Режим күчтөрүнүн кечээ кечки сааттарда күч алган кол салууларда Жерженаз аймагында 7 жаран жараланды. Жарандык коргонуу топтору бутага алынган отурукташуу жерлеринде изилдөө – куткаруу жана урандыларды тазалоо иштерин улантууда.

Режим күчтөрүнүн мурунку күчү эрте мененки сааттарда жарандык отурукташуу жерлерине жасалган пулемет жана ракеталык кол салууда бир бала каза болгон. Режим күчтөрүнүн «Идлиб араздашуусун азайтуу аймагына» январь айындагы абадан жана кургакыктан кол салууларында 30 жаран каза болуп, 180 жаран жараланган.

Режим күчтөрү Түркия жана Орусиянын ортосунда Идлибдеги ок атышпоону бекемдөө үчүн кол коюлган Сочи макулдашуусуна карабастан кол салууларын токтоткон жок. Аскердик оппозициячылдар болсо 2018 -  жылы 17 -  сентябрда кол коюлган макулдашуу күткөн аймактан оор куралдарын 2018 -  жылы окятбрь айында чыгарган.



Тектеш кабарлар