Трамп менен Ким Вьетнамда жолугат

Трамп менен Кимдин ортосундагы экинчи жолугушуу Вьетнамда өткөрүлөт.

1139626
Трамп менен Ким Вьетнамда жолугат

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен өткөрө турган экинчи жолугушуунун 27-28-февралда Вьетнамда болоорун билдирди.

Трамп президенттик орундугундагы экинчи «Биримдиктин абалы» сөз сүйлөөсүн Өкүлдөр палатасында ишке ашырды.

29-январда өткөрүлүшү пландалган бирок федерал өкмөттүн жабык болушунун себебинен 5-февралга жылдырылган сөз сүйлөөсү ишке ашырылган отурумга, АКШнын вице-президенти Майк Пенс жана Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси жетекчилик кылды.

Трамптын жубайы Меланья Трамп да катышкан отурумда, өлкөнүн ар кайсы жерлеринен чакырылган көп сандаган ысым да залда отурду.

Трамп сөз сүйлөөсүндө, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен өткөрө турган экинчи жолугушуунун Вьетнамда 27-28-февралда болоорун жарыялады.

Трамп Корея жарым аралында дипломатиялык чечүүчү жол табуу үчүн абдан аракет кылгандарын жана натыйжасын көрө баштагандарын сөз кылып: «Барымтадагы биздин жарандарыбыз үйлөрүнө кайтты, ядролук сыноолор токтоду жана 15 айдан бери жаңы ракеталык сыноо өткөрүлө элек. Эгерде мен президент болбогондо, менин жеке көз карашымда Түндүк Корея менен согуштун каалгасында болмокбуз»,-деди.

АКШнын президенти Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 2018-жылдын 12-июнунда Сингапурда өткөрүлгөн тарыхый саммитте жолугушкан болчу. Саммитте эки лидер ар тараптуу келишимге кол коюшкан.

Бул жолугушуудан кийин Ким Чен бийлиги ядролук курал программасын токтотуп жана ракеталык сыноолорун соңуна чыгарган болчу.



Тектеш кабарлар