Францияда Макрон жана өкмөтүнө каршы ири масштабдуу митинг өттү

Өлкөнүн эң чоң профсоюздарынан болгон Башкы жумушчу конфедерациясы (CGT) жана сары кемселчендер, Париж баш болгон өлкөнүн жалпысындагы акцияларында Макрон жана өкмөтүнүн саясттарын сынга алды.

1139532
Францияда Макрон жана өкмөтүнө каршы ири масштабдуу митинг өттү

Францияда Башкы жумушчу конфедерациясы (CGT) жана сары кемселчендер президенти Эммануэль Макрон жана өкмөтүнүн саясаттарына каршы митинг уюштурду.

Өлкөнүн эң чоң профсоюздарынан болгон Башкы жумушчу конфедерациясы (CGT) жана сары кемселчендер, Париж баш болгон өлкөнүн жалпысындагы акцияларында Макрон жана өкмөтүнүн саясттарын сынга алды.

Митингчилер, айлык акылардын жана экономикалык шарттардын жакшыртылышы, салыктардын азайтылышы, митинг укугунун берилиши жана чет элдик студенттерден алынган билим алуу акысынын көбөйтүлүшүнүн жоюлушу сыяктуу талаптарды койду.

Парижде Мэриянын имаратынын алдында чогулган миңдеген митингчилер Конкорд аянтына чейин жүрүшкө чыкты.

Жүрүш убагында кандайдыр бир чыңалуу болгон жок, митингчилердин Конкорд аянтына барышы менен бирге чыңалуу башталды. Полиция таш ыргыткан митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газ чачты.

Париждеги митингге полиция бөлүшкөн санга караганда 18 миң, уюштуруучулар берген санга караганда 30 миң киши катышты.

Марсель, Лион, Тулуза, Страсбург, Кан, Гавр жана Руан шаарларында уюштурулган митингдерге дагы катышуу көп болду.

Башка айрым шаарларда да сары кемселчендер бир канча чоң жолду бууп коюу акциясын өткөрдү. Акциялардын себебинен транспортто кечеңдөө болду.

Нантес шаарында болсо митингчилер аэропортко баруучу жолду бууп койгондуктан, жүргүнчүлөр терминалга убагында жетиш үчүн 3 чакырымдай жөө басышты.



Тектеш кабарлар