Хуан Гуайдо үй - бүлөсүнн полиция тарабынан тергөөгө алынгандыгын айтты

Улуттук Полиция Уюмунун командири, генерал Карлос Альфредо Перез Ампуеда Гуайдонун айткандарын жалганга чыгарды.

1137047
Хуан Гуайдо үй  - бүлөсүнн полиция тарабынан тергөөгө алынгандыгын айтты

Венесуэлада өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялаган Улуттук Парламенттин спикери Хуан Гуайдо полициянын атайын отряды ФАЕС мүчөлөрү үйүнүн тегерегинде жубайы жана үй- бүлөсү тууралуу маалымат чогулткандыгын ортого салды.

Социалдык медиа эсебинен берлиген маалыматта : «Азыркы учурда ФАЕС үйүмдө. Ал жердеги кызымын башына келе тургандардын баарынан Мадуро жооптуу»,- деген Гуайдо үйүнүн алдында күтүп жаткан журналисттерге бул тууралуу маалымат берди.

ФАЕС кызматкерлеринин имараттагы атайын коопсуздук кызматкеринен жубайы Фабиана Росалес тууралуу суроо сурагандыгын ортого салган Гуайдо коркутуу үчүн келген бул кишилердин буйрук алышпагандарын айтты.

Гуайдо бул кишилердин чектен чыккандыгын белгилеп үй- бүлө жана аялга сый көрсөтүлүш керектигин билдирди.

Улуттук Полиция Уюмунун социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта Гуайдонун билдирүүсү жалганга чыгарылды.

Улуттук Полиция Уюмунун командири, генерал Карлос Альфредо Перез Ампуеданын билдирүүсүнө орун берилген маалыматта эч бир ФАЕС бөлүгүнүн Гуайдонун үйү жайгашкан аймакка барбагандыгын билдирди.

Венесуэлада оппозиция жана бийликти жактоочулардын 23 -январь шаршемби күнү өткөргөн митинги өлкө жана аймак үчүн абдан маанилүү абалдарга жол ачты.

Көпчүлүгү оппозициясынын колунда болгон Улуттук Парламенттин спикери Хуан Гуайдо оппозициячылдардын митингинде өзүн «убактылуу мамлекет башчысы» деп жарыялаган жана башта АКШ болуу менен Австралия, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста Рика менен Гватемала сыяктуу өлкөлөр тарабынан танылды. Акыркы болуп Европа Парламенти бүгүн ушул эле багытта кадам таштады.

Мексика, Түркия, Орусия, Куба, Кытай жана Боливия болсо Венесуэлнын мамлекет башчысы Николас Мадуро өкмөтүнө колдоосун кайталап, Мадуро да була балдар боюнча АКШ менен дипломатиялык жана саясий карым- катнаштарды токтоткондугун бирок соода карым- катнаштын улантыларын жарыялаган.



Тектеш кабарлар