АКШдан Ганага виза чектөөсү
АКШ Гана жарандарын кабыл алгысы келбейт.
АКШ башкаруучулугу Ганага виза чектөөсүн киргизди.
АКШнын Мамлекеттик демартаментинин, АКШ тарабынан өлкөдөн чыгарылган Гана жарандарын кабыл албай тургандыгын себеп көрсөтүп бул өлкөгө виза чектөөсүн киргизгени билдирилди.
АКШнын Ички коопсуздук департаментинин билдирүүсүндө, виза чектөөсү чечиминин мамлекеттик катчы Майк Помпео тарабынан чыгарылгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө, Ички коопсуздук департаментинин аныктоолорунун негизинде өлкөдөн чыгарылышына чечим чыгарылган Гана жарандарынын бул өлкө тарабынан кабыл алынбагандыгы маалымдалды.
Бул абалдын тийиштүү эл аралык мыйзамдык эрежелерге жана келишимдерге терс экени белгиленген билдирүүдө: «Ушул алкакта Ганадан АКШга карай виза кайрылууларына чектөө киргизилди»,-деп айтылды.
Билдирүүдө виза чектөөсүнүн алкагы жана мөөнөтү тууралуу маалымат берилген жок.
Тектеш кабарлар
Индияда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.
Макрон-Зеленский жолугушуусу
Макрон: "Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү" деди.