АКШ Сомалиде террордук уюмга каршы аба операциясын жүргүздү
Жылдын башынан бери өлкөдөгү абадан кол салууларын арттырган АКШ ушул кезге чейин ондогон Еш-Шебаб мүчөсүн жок кылды.
1137032
АКШнын Сомалиде террорук уюм Еш - Шебабга карата жүргүзгөн аба операциясында уюмдун мүчөсү 24 террорист жок кылынды. АКШнын Африка Күчтөрү Командирлиги AFRICOMдон берилген маалыматта уюмга карата кысымдын арттырылышы максатында Хиран аймагындагы Еш - Шебаб лагеринин жакындарында кечээ абадан кол салуу жасалгандыгы белгиленди.
Маалыматта АКШнын Сомали жана эл аралык өнөктөштөр менен Еш- Шебабдын кол салууларына тоскоол болуу үчүн күрөшүүнү улантары билдирилди.
Жылдын башынан бери өлкөдөгү абадан кол салууларын арттырган АКШ ушул кезге чейин ондогон Еш-Шебаб мүчөсүн жок кылды.