Орусиядан АКШга каршы Түндүк Кореяга атомдук станция сунушу

Москва Пхеньян башкаруусу атомдук жана баллистикалык ракета программаларын токтото турган болсо өлкөдө атомдук энергетика станцияларын куруу убадасын берди.

1136399
Орусиядан АКШга каршы Түндүк Кореяга атомдук станция сунушу

Орусиянын АКШ менен атомдук курал программасы тууралуу келишими үчүн Түндүк Кореяга жашыруун бир сунуш менен өлкөгө атомдук энергия станцияларын куруу убадасын бергендиги билдирилди.

Американын «Washington Post» гезитинин АКШлык жетекчилерге таянып берген кабарына караганда Москва Пхеньян башкаруусу атомдук жана баллистикалык ракета программаларын токтото турган болсо өлкөдө атомдук энергетика станцияларын куруу убадасын берди.

АКШ чалгындоосу Орусиянын бул сунушун өткөн жылдын акыркы айларында аныктады.

Сунуштун бир бөлүгү караты да Түндүк Кореянын атомдук курал чыгаруу үчүн колдонуусуна тоскоол болуу үчүн станциялардын Орусия тарабынан иштетилери жана станциялардан  чыга турган таштанды же башка продукциялардын болсо Орусияга жиберилери билдирилди.

АКШнын президенти Трамп июнь айында Сингапурда Түндүк Кореянын лидери Ким менен жолугушуп жана бул жолугушуу боюнча Ким башкаруусу атомдук курал программасын токтоткон.

Трамп менен Түндүк Кореянын лидеринин арасындагы экинчи сааммиттин февраль айында өткөрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар