Израиль күчтөрү 11 палестиналыкты камоого алды

Палестиналыкарды тергөөгө алуу үчүн аймактагы камоо борборлоруна жиберилгендиги белгиленди.

1136544
Израиль күчтөрү 11 палестиналыкты камоого алды

 Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериада 11 палестиналыкты камоого алды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шериананын түрдүү аймактарына түнү жасалган басып алууда «террор кыймылдарына аралашты деген негиз менен 11 палестналык камоого алынды.

Палестиналыкарды тергөөгө алуу үчүн аймактагы камоо борборлоруна жиберилгендиги белгиленди.

Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат  - бат үйлөрдө тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрү түрдүү айтылган сөздөр менен палестиналыктарды камоого алууда. Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста кадимкидей эле абалга айланган камоого алуулардан кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардан кээ бирлери көптөгөн күндөр камоо борборлорунда кармалууда.

Палестинанын расмий булактарына караганда Израиль абактарында  административдик камоодо 430 киши, 6 миң палестиналык абакта. Алардын ичинен 270ши балдар.

Израиль «админстративдик камоо» деген ат менен палестиналыктарды  1 – 6 айга камоого алууда.

Камоого алынган кишинин «Израилдин коопсуздугу үчүн коркунучтуу» деген чечимдин чыгарылышы менен аскердик сот камоо мөөнөтүн 5 жылга чейин узарта алат.



Тектеш кабарлар