Бразилиядагы апааттын кесепети

Каза болгондордун саны 84 кишиге жетти.

1135609
Бразилиядагы апааттын кесепети

Бразилияда кен калдыктары сакталган жайдын дамбасынын урап калышынын себебинен каза тапкандардын саны 84 кишиге жетти.

Брумадинью шаарындагы таштанды дамбасынын өткөн жума күнү кулап калышынын кесепетинен каза болгондордун санынын 84кө жеткени жана дайынсыз 276 кишинин изделип жатканы билдирилди.

Орто эсеп менен 13 миллион куб метр таштандынын агып калышына себеп болгон апааттан ушул учурга чейин 192 киши куткарылды.

Шахтаны иштеткен ишканада кызмат кылган 5 инженер суракка алынып, анын үчөө камакка алынган болчу.

Бразилия өкмөтү, өлкөдөгү бардык дамбалардын текшерилишин талап кылган.

Кен калдыктары сакталган жайдын дамбасынын урап калышынын себебинен Брумадинью шаарында да орто эсеп менен 3 миң киши эвакуацияланган болчу.



Тектеш кабарлар