АКШ менен Талибандын ортосундагы сүйлөшүүлөр
Хамид Карзай Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ок атышпоонун түзүлүшү менен бирдей убакта башталышы керектигин белгиледи.
![АКШ менен Талибандын ортосундагы сүйлөшүүлөр](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c5dd/e503/f9b4/5c4eb5048a439.jpg?time=1718737457)
Афганстандын мурунку мамлекет башчысы Хамид Карзай Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ок атышпоонун түзүлүшү менен бирдей убакта башталышы керектигин белгиледи. Карзай берген маалыматында Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн баталышы үчүн алдыга жылуунун болгондугун айтты.
Тынчтык келишиминин афганстандыктардын өз арасында түзүлүшүнүн туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн маанилүү экендигин баса белгилеген Карзай : «Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрү ок атышпоонун түзүлүшү менен бирдей убакта башталышы керек»,- деди.
АКШнын Афганстан атайын өкүлү Залмай Халилзад социалдык медиа эсебинен Талибандын өкүлдөрү менен түшүмдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөндөрүн жана кыска убакытта сүйлөшүүлөрдүн башталарын билдирген.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718737457)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.