АКШнын эң кымбат квартирасы 238 миллион долларга сатылды

Көп кабаттуу имараттын эң үстүнкү кабаты Citadel инвестиция фондунун куруучусу Кен Гриффтин тарабынан 238 миллион долларга сатып алынды.

1133209
АКШнын эң кымбат квартирасы 238 миллион долларга сатылды

Wall Street Journalдын кабарына караганда Манхаттанда 220 Central Park South адресиндеги көп кабаттуу бийик имараттын чатырдагы кабаты Citadel инвестиция фондунун куруучусу Кен Гриффтин тарабынан 238 миллион долларга сатып алынды. Бул сандын ушул кезге чейин АКШда сатылган эң кымбат квартира рекордуна жетти.

Андан мурунку рекорд инвестиция фондунун башкаруучусу Барри Розенштейн тарабынан 2014 -жылы Нью- Йорктун Лонг - Айленд аймагындагы Хэмптонста 137 миллион долларга сатып алган бир үйгө таандык.

Манхаттанда курулушу улантылып жаткан 79 кабаттуу бийик имаратта чатыр кабатынын аянты 2 миң 230 миң метр квадрат экендиги жана сатып алган кишиге мебелсиз тапшырылгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар