"Европа Биримдиги комиссиясы Италияга карата кыймылга өтпөй жатат"

Нидерландиянын премьер  - министри Марк Рютте Европа Биримдигинин Италияга каршы кыймылга өтүшү керектигин белгиледи

1133162
"Европа Биримдиги комиссиясы Италияга карата кыймылга өтпөй жатат"

Нидерландиянын премьер  - министри Марк Рютте Европа Биримдигинин Италияга каршы кыймылга өтүшү керектигин белгиледи.

Рютте Швейцариянын Давос шаарында болуп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумунун саммитинде берген маалыматында Италиянын 2019 -жылы бюджет кемчилигине байланыштуу : «Италиянын бюджетин көрдүк бирок Европа Биримдиги Комиссиясы Италияга карата бул тууралуу аракетке өтпөй жатат. Италия жана өткөн күндөрдө Франция биздин бирдикте түзгөн келишимдерге баш ийбесе биз эмнеге баш ийели деген суроолорду сурап жатат. Ишин жолго салбаган өлкөлөрдүн акырындык менен кутулушу туура нерсе эмес. Ошондуктан түндүк жана түштүк өлкөлөрүнүн ортосунда ишенимсиздик пайда болууда»,- деди. Рютте Европа Биримдиги өлкөлөрүндөгү качкындар маселесине байланыштуу да : «Качкын маселесинде чоң бир кемчилик бар. Сандар чындыгында чоң эмес. Бирок Германия, Нидерландия жана Швеция сыяктуу өлкөлөрдүн бардык жүктү көтөрүшү сөз боло албайт. Муну 27 мүчө мамлекеттин баары менен ортоктошо аткарышыбыз керек. Бул ишке ашпаса батыш жана чыгыш өлкөлөрүнүн ортосунда да ишенимсиздик пайда болот»,- деди. Рютте Европа Биримдигинин климаттык саясатында жана Дүйнөлүк соодауюму сыяктуу эл аралык мекемелердин реформасы жана конкуренция күчүнүн артышында алдыга жылуунун болушу керектигин да айтты.



Тектеш кабарлар