Түркиянын чек араларынын коопсуздугун камсыздоону каалоосу нормалдуу көрүнүш
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан, Сенаттын тышкы иштер комиссиясында күн тартип тууралуу маалымат берди.
1132318
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан, Түркиянын чек араларынын коопсуздугун камсыздоону каалоосунун нормалдуу көрүнүш болгонун жарыялады.
Ле Дриан, Сенаттын тышкы иштер комиссиясында күн тартип тууралуу маалымат берди.
«Түркиянын чек араларынын коопсуздугун камсыздоону талап кылышы нормалдуу көрүнүш»,- деп серебин салган Ле Дриан, Түркиянын 4 жылдан бери айтканы жана АКШнын президенти Дональд Трамптын кайрадан күн тартипке алып чыккан Сирияда «коопсуз аймак» ишке ашыруусу тууралуу суроо белгилери болгонун белгиледи.
Ле Дриан, бул суроо белгилеринин 6-февралда Вашингтондо боло турган эл аралык коалициянын жыйналышында жоюла ала турганын айтып, аты аталган аймактын чек араларынын жана кепилдеринин сүйлөшүлүшү керектигин кошумчалады.