Израиль армиясы Газаны аткылады

Израиль учактары Бейт Лахянын батышындагы Хамастын саясий канаты Иззеддин ел  - Кассам бригадасына таандык Ашкелон аймагын бутага алды.

1131110
Израиль армиясы Газаны аткылады

Израиль учактары блокада астындагы Газа тилкесинин түндүгүндө Хамаска таандык бир аймакка кол салды. Көргөн күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда Израиль учактары Бейт Лахянын батышындагы Хамастын саясий канаты Иззеддин ел  - Кассам бригадасына таандык Ашкелон аймагын бутага алды.

Аймакта олутуу чыгымга жол ачкан кол салуу эл арасында дүрбөлөңгө жол ачты.

Палестина мекемелеринен бул кол салууда кишилердин каза болуп же болбогондугу  тууралуу азырынча маалымат берилген жок.

Израиль армиясы кечээ чек арадагы аскерлерине Газадан снайпер тарабынан ок атылгандыгын жана бир аскердин жеңил жаралангандыгын жарыялаган. Бул окуядан кийин Израиль армиясы Газага танка менен ок атып, кол салууда 1 палестиналык шейит болду. 4 палестиналык  жараланып алардын ичинен бирөөсүнүн абалы оор.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар