Франция Google фирмасын айыпка жыкты
Францияда Googlе фирмасына жазалар берилди.
Франциянын улуттук информатика жана эркиндиктер комиссиясы (CNIL) жеке кишилердин маалыматтарын колдонуусу темасында жетиштүү түрдө ачык маадыматтандыруу жасабаганы себеби менен интернет дөө-шаасы Google фирмасына 50 миллион евро жаза берди.
Францияда жеке кишилердин маалыматтарынын жашыруундугун текшерген расмий мекеме CNIL дын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, жаза Жалпы маалыматтарды коргоо регламентинин (GDPR) алкагында берилди.
Француз басма сөзүндө орун алган маалыматка караганда CNIL, GDPRдын алкагында бир интернет дөө-шаасына жаза берген алгачкы уюм болду.
"None Of Your Business" жана "La Quadrature du Net" аттуу коомдор мындан мурда Google фирмасына айып тагылышын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.