Орусия АКШнын Талибан уюуму менен сүйлөшүүсүнө этият карайт
Кабулов, РИА маалымат агенттигине берген маалыматында Ооганстан менен АКШ жана Талибандын ортосундагы сүйлөшүүлөр тууралуу баа берүүсүн жасады.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов, АКШнын Талибан уюму менен сүйлөшө баштаганына Москванын этият карап жатканын айтты.
Кабулов, РИА маалымат агенттигине берген маалыматында Ооганстан менен АКШ жана Талибандын ортосундагы сүйлөшүүлөр тууралуу баа берүүсүн жасады.
Талибандын сүйлөшүүлөрдөгү эң негизги шартынын Ооганстандан чет элдик күчтөрдүн чыгарылышы болгонун эске салган Кабулов: «Жолугушуулардын ишке ашуусуна оң карап жатабыз. Эгерде америкалыктар Талибан менен негизги темаларда олуттуу түрдө сүйлөшүүгө даяр болсо, бул негизги тема да Талибан үчүн чет элдик күчтөрдүн Ооганстандан чыгартылышы, анда бул оң жылыш болот, бирок бул темада жол бою көп сандаган аңгыл-дөңгүл бар. Ушул себептен бул билдирүүлөрдүн бардыгына этият кароодобуз»,-деп айтты.
Ооганстанда тынчтыктын камсыздалышы максаты менен Талибан менен АКШнын ортосунда Катардын борбор калаасы Дохада кечээ бир сүйлөшүү өткөрүлгөнү белгиленген.
Өткөн жылы Орусиянын борбор шаары Москвада ооган бийлиги, Талибан уюму жана аймак өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен Орусиянын кожоюндугунда Ооганстан туралуу сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.