Трамп менен Кимдин ортосундагы экинчи саммит эмнени камтыйт?

Майк Пенс маалымат берди.

1129861
Трамп менен Кимдин ортосундагы экинчи саммит эмнени камтыйт?

АКШнын вице-президенти Майк Пенс, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда өтө турган экинчи саммиттин ядролук куралдардан тазалануу темасындагы так кадамдарды камтыгандыгын айтты.

Майк Пенс «Fox News Sunday» каналына берген маегинде, Трамптын бул саммитте Ким Ченге Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышына байланыштуу так кадамдарды ташташы керектиги боюнча кысым көрсөтө турганын белгиледи.

Ошондой эле Майк Пенс АКШнын президентинин саммит туурасында абдан оптимист экенин айтып: «Трамп менен Ким Чендин ортосундагы байланыш чындап эле көңүлдү бурат. Президент Трамп чыныгы илгерилөөнү камсыздай алаарыбызга жана аракет кылаарыбызга ишенүүдө»,-деп айтты.

Түндүк Корея үчүн дипломатиялык байланыш тыгыздашып, түштүк кореялык жана АКШлык дипломаттардын Швецияда бир канча эл аралык адис катыша турган жыйында түндүк кореялык кесиптештери менен жолугуша турганы билдирилген болчу.

Япониялык дипломаттардын да Швецияда АКШнын Түндүк Корея сүйлөшүүлөрүнөн жооптуу атайын өкүлү Стив Бигун менен жолугушуу өткөрүүнү пландаганы билдирилген эле.

Ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен түштүк кореялык кесиптеши Канг Кунг Ва, пландалган АКШ-Түндүк Корея саммити темасында пикир алмашуу максатында телефон сүйлөшүүсүн өткөргөн.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосундагы экинчи саммиттин февраль айынын аягында өткөрүлө турганы маалымдалган эле.

Трамп менен Ким Чен биринчи жолу өткөн жылы 12-июнда Сингапурда жолугуп, саммиттен кийин эки лидер Түндүк Кореянын ядролук куралдардан тазаланышы темасында макулдашкан болчу.



Тектеш кабарлар