Японияда Шиндаке жанар тоосу жарылды
Шиндаке жанар тоосунун эрте мененки сааттарда жарылды.
1127938
![Японияда Шиндаке жанар тоосу жарылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7e2e/405a/8df7/5a97b421f3780.jpg?time=1718815910)
Япониянын түштүгүндөгү Кучинорабу аралындагы Шиндаке жанар тоосу жарылды. Киодо агенттинин кабарына караганда Япония метеорология агенттигинен берилген маалыматта Шиндаке жанар тоосунун эрте мененки сааттарда жарылгандыгы белгиленди.
Жарылган жанар тоодон атырылган күл жана тумандын 500 метрге чейин жеткендиги билдирилген маалыматта аралдагы эскертүү деңгээлинин үчкө чыгарылгандыгы билдирилди.
Вулкандык агымдардын кратерден 1, 5 километр алыстыкка чейин жеткендиги билдирилип, жарылуудан кийин арал калкынын коопсуз экендиги баса белгиленди.
Шиндаке жанар тоосунда 2015 - жылы май айында болгон жарылуулардан кийин арал калкы убактылуу эвакуацияланган.