Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушту
Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедияров менен Армениянын тышкы иштер министри Зохраб Мнацаканян Франциянын борбор шаары Парижде жолугушту.
![Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b1f5/0b35/25e2/5c40316fa5a00.jpeg?time=1718789589)
Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедияров жана Армениянын тышкы иштер министри Зохраб Мнацаканян Тоолуу Карабах маселесин чечүү процессинин негизинде Франциянын борбор шаары Парижде жолугушту.
Азербайжандын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жолугушууда тараптардын түшүнүшүү жана ишеним түзүүсүнүн мааниси тууралуу пайдалуу жана оң пикир алышууларда болушкандары белгиленди.
Маалыматка караганда тараптар сүйлөшүүлөрдүн келерки айда улантылышы тууралуу макулдашууга барышты.
Жолугушууда тараптар эки тараптагы кишилерди тынчтык, коопсуздук жана улантууга боло турган аймактык өнүгүү үчүн даярдоонун жолдору менен бир топ маселени сүйлөштү.
Жолугушууга Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму ЕККУнун Минск группасынын кош төрагасы орус Игорь Попов, француз Стефан Висконти, америкалык Эндрю Шофер жана ЕККУнун атайын өкүлү Анджей Каспршик да катышты.
Тектеш кабарлар
![Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/3f67/29b3/2e02/667280a505092.jpg?time=1718789590)
Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда
Израиль аскерлери жүргүзгөн рейддерде 1 палестиналык өлтүрүлүп, көп сандаган палестиналык жараланды.