Трамп : "Эч качан Орусия үчүн иштеген жокмун"

Дональд Трамп «New York Times» гезитинде орун алган кабарлар боюнча маалымат берди.

1126483
Трамп : "Эч качан Орусия үчүн иштеген жокмун"

АКШнын президенти Дональд Трамп эч качан Орусия үчүн иштебегендигин айтты.

Ак үйдүн алдында журналисттердин суроолоруна жооп берген Дональд Трамп «New York Times» гезитинде орун алган жана АКШ федералдык териштирүү бюросу FBIдин Трамп кызматын баштаган 2017 -  жылы Орусия үчүн иштеп же иштебегендигин териштиргендиги тууралуу айтылгандар боюнча маалымат берди. Трамп бир журналисттин Орусия үчүн иштеп иштебегендиги тууралуу суроосуна : «Муну сураганыңдын өзү уят. Себеби бул абдан чоң алдамчылык»,- деп жооп берди.

«New York Time»s гезитинин кабарына караганда Трамптын FBIдин төрагасы Жеймс Комейди жумуштан чыгаруусунан кийинки мамилесинин улуттук коопсуздукту коркутуп же коркутпагандыгына байланыштуу териштирүү башталган болчу.

Кабарда FBIдин өзгөчө Трамптын «билип туруп» Орусия үчүн иштеп же иштебегендиги же «байкабастан» Орусиянын таасири астында калып же калбагандыгы иликтенгендиги ортого салынган.

FBIдин 2016 -  жылдагы шайлоо кампаниясы учурунда Трамптын Орусия менен байланышынын бар экендигинен шектенилгендиги белгиленген кабарда Трамп кызматка келген 2017 -  жылы  ушул негиздер менен байланыштуу айтылгандарды териштирген FBIдин төрагасы Жеймс Комейди жумуштан алуусунун шектенүүлөрдү күчтөндүргөндүгү билдирилген.



Тектеш кабарлар