Ирактын президенти Иран менен карым - катнаштарды күчтөндүрүү керектигин айтты

Ирандын тышкы иштер министри Зариф өлкөсүнүн Ирак менен карым  - катнаштарын дагы көп өнүктүрүүнү каалагандыгын белгилеп, Ирандын бардык тармактарда Ирак өкмөтү жана калкын колдогондугун айтты.

1126116
Ирактын президенти Иран менен карым - катнаштарды күчтөндүрүү керектигин айтты

Ирактын президенти Берхем Салих Иран менен карым  - катнаштардын күчтөндүрүлүшү керектигин белгилеп, мунун аймактын коопсуздук жана ырааттуулугу үчүн керектүү экендигин айтты.

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Иракка барган Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф борбор шаар Багдатта Селам президенттик сарайында Ирактын президенти Салих Берхем тарабынан кабыл алынды.

Президенттик офисинен берилген маалыматка караганда жолугушууда эки тараптуу карым  - катнаштар менен аймактагы акыркы абалдар каралды. Аймактагы маселелерге көңүл бурган Салих : «Аймактын экономикалык жана соода жактан жандандырылышы жана элдердин бейкуттук ичинде жашашы үчүн маселелер тынчтык жол менен чечилиши керек»,- деди.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф да өлкөсүнүн Ирак менен карым  - катнаштарын дагы көп өнүктүрүүнү каалагандыгын белгилеп, Ирандын бардык тармактарда Ирак өкмөтү жана калкын колдогондугун айтты.



Тектеш кабарлар