АКШ адам укуктары боюнча башкаларды айыптаса да Сауд Арабияны айыптабайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун, Сауд Арабияга сапары убагында өлкөдөгү адам укуктарын бузууларга токтолбоосу каршы чыгууларды тартты.

1125943
АКШ адам укуктары боюнча башкаларды айыптаса да Сауд Арабияны айыптабайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун, Сауд Арабияга сапары убагында журналист Жемал Кашыкчы кылмышы менен катар өлкөдөгү адам укуктарын бузууларга токтолбоосу каршы чыгууларды тартты.

Майк Помпеонун Жакынкы Чыгыш саякатынын алкагында Сауд Арабияга сапарында Кашыкчы кылмышынын жооптуусу экени айтылып жаткан Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман менен болгон жолугушууда, Кашыкчы кылмышы менен катар бул өлкө туурасындагы адам укуктарын бузууларга токтолбоосу, сындоолорду да кошо ала келди.

Американын NBC каналына кайрылган адистер, мурдагы өкмөттүн жооптуу кызматтагылары жана адам укуктары топтору, Сауд Арабиянын оппозициячылдарга карай кысымдарында кандайдыр бир артка кадам таштабаганына көңүл буруп, мындай сереп салды: «Помпеонун адам укуктарын бузууларына токтолбоосу, ондогон жылдык Американын дипломатиялык салтын бузду жана бул абал Вашингтондун Сауд Арабия же Жакынкы Чыгыштын кандайдыр бир жеринде адам укуктарынын бузулуусун көрмөксөнгө салбай турганы боюнча күчтүү билдирүүсүн өткөрүп жиберген мүмкүнчүлүк болду».

Адам укуктарын байкоо уюмунан Андреа Прасов да, « (Трамп башкаруучулугу) Мухаммед бин Салманды колдой турганын ачык көрсөттү...Мухаммед бин Салмандын, эмне кылса кылсын АКШнын мамилесинин өзгөрбөй турганын ойлоосу үчүн бекем себептери бар»,деген серебин салды.

Адам укуктары топтору жана мурдагы өкмөттүн жооптуу кызматкерлери, Сауд Арабиянын көптөн бери адам укуктары темасында кыйынчылык тарткан өлкө болгонуна, бирок Мухаммед бин Салман мезгилинде кысымдардын, абакка түшүүлөрдүн жана кыйноолордун артканы боюнча маалыматтарга көңүл бурду.



Тектеш кабарлар