Бишкек-Тегеран аба каттамында учак кулап түштү

Окуя болгон жерге көп сандаган полиция жана тез жардам тобу өткөрүлдү.

1125222
Бишкек-Тегеран аба каттамында учак кулап түштү

Кыргызстандын борбор шаары Бишкектен бүгүн эртең менен учкан жүк ташуучу учак Ирандын борбор шаары Тегерандын түндүк-батышындагы Кереж шаарындагы аэропортко коноордо  кулап түшкөнү кабарланды.

Иран армиясы учакта 16 киши болгонун жана учактын Иран армиясына таандык экенин жарыялады.

Иран мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда Кыргызстандын борбор шаары Бишкектен Ирандын Кереж шаарындагы Пейам аэропортуна багыт алган  Boeing 707 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак, шаардагы Фетих аэропортуна мажбур конууга аргасыз болуп отурукташкан жерге кулап түштү.

Окуя болгон жерге көп сандаган полиция жана тез жардам тобу өткөрүлдү.

Кырсыктан кийинки куткаруу иштеринде 15 кишинин жансыз денеси чыгарылды жана бир киши оор жаракат алган түрдө кутарылганы маалымдалды.

Кырсыктын себебинен чөйрөдөгү үйлөрдө өрт чыкканы маалымдалды.



Тектеш кабарлар