АКШнын Берлиндеги элчиси фирмаларды санкциялар менен коркутту

«Bild am Sonntag» гезитинде орун алган маалыматка караганда Грнелл, немис фирмаларына жөнөткөн катта Американын санкцияларына туш боло тургандары темасында эскертти.

1124862
АКШнын Берлиндеги элчиси фирмаларды санкциялар менен коркутту

АКШнын Берлиндеги элчиси Ричард Гренеллдин «Түндүк агым-2» газ кууру дорбоорунда ишин жүргүзгөн фирмаларды санкциялар менен коркутканы маалымдалды.

«Bild am Sonntag» гезитинде орун алган маалыматка караганда Грнелл, немис фирмаларына жөнөткөн катта Американын санкцияларына туш боло тургандары темасында эскертти.

Элчи Гренеллдин Орусиядан Германияга Балтика деңизинен түтүк жолу менен газ ташуусун көздөгөн «Түндүк агым-2» долбооруна катышкан фирмаларга кайрылып жазган катында Американын санкциялар аркылуу душмандары менен күрөшүү мыйзамынын(CAATSA) алкагында жазаландырыла турганын белгилегени айтылды.

Гренеллдин «Түндүк агым-2» долбоору менен Европага Украина аркылуу жаратылыш газ жеткирүү муктаждыгы жоюла турганы жана бул абалдын да Украинанын Орусиянын кол салгыч саясаттарына каршы туруштук берүүчү көзүрүн жоготуусуна себеп боло турганына басым жасаганы белгиленди.

АКШ менен катар Польша дагы Германиянын «Түндүк агым-2» долбоорунан баш тартуусун талап кылууда.



Тектеш кабарлар