АКШнын президенти Дональд Трамп Давоско барбайт

АКШнын президенти Дональд Трамп Давосто өтө турган Дүйнөлүк Экономикалык Форумга катышпай тургандыгын билдирди.

1123491
АКШнын президенти Дональд Трамп Давоско барбайт

АКШнын президенти Дональд Трамп убактылуу бюджет кризисинен улам федералдык өкмөттүн жабылышын негиз катары көрсөтүп, Давосто өтө турган Дүйнөлүк Экономикалык Форумга катышпай тургандыгын билдирди.

Дональд Трамп твиттерден маалымат берип : «Демократтардын чек ара коопсуздугу жана улутубуздун коопсуздугунун маанисине байланыштуу келишпестиктерден улам Дүйнөлүк Экономикалык Форум үчүн Давоско жасай турган сапарымды жойдум. Дүйнөлүк Экономикалык Форумдан чын жүрөгүмдөн кечирим сурайм»,- деди.

Мексика чек арасына тургузула турган дубалга фонддун бөлүнбөшү менен чыккан бюджет кризисинен улам федералдык өкмөттүн бир бөлүгүнүн жабылышынан бери 21 күн өттү.

АКШ сенаты федералдык өкмөттүн ноябрь айында боло турган орто мөөнөттүк шайлоодон мурда жабылышына тоскоол боло турган 854 миллирд долларлык бюджет долбоорун сентябрда бекиткен.

Американын мыйзамдарына караганда Конгерсс 1 -  октябрда башталып 30 -  сентябрда аяктаган финансылык жыл үчүн туруктуу бюджетти беките албаса убактылуу бюджеттер менен аралыктын жабылышы керек. Убактылуу бюджет  бекитиле албаган мезгилдерде күчүн жоготкон федералдык өкмөт жабылат.

Бул абал 320 миллиондон ашуун кишиге кызмат кылган федералдык өкмөттүн турмуштук кызматтардын тышындагы бардык иш аракеттерин токтотуу деген мааниге келет. Бул процессте турмуштук болбогон коомдук кызматкерлер мажбур түрдө эс алууга чыгарылып, АКШ армиясы  CIA, FBI жана NSA сыяктуу чалгындоо мекемелери, коомдук ооруканаларда иштеген дарыгер жана мед айымдар, аэропорттор менен абактардагы коопсуздук кызматкерлери ишин улантат.

«Турмуштук» кызматкер категориясында орун алган бул кызматкерлер жабылуу мезгилдериндеги айлык акыларын жалпысынан Конгресс жаңы бир бюджет өткөргөнгө чейин ала алышпайт. Өлкөдө «турмуштук болбогон» кызматтар үчүн иштегендердин саны 850 миңге жакын болуп, «турмуштук» кызматкер санынын 2 миллионго жакын экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар