Ирандын мурунку президенти Махмуд Ахмединежад башкаруудан митинг өткөрүү үчүн уруксат сурады

Махмуд Ахмединежад мыйзамдуу укугу болгон митингге уруксат берилбесе мунун ачык бир кылмыш болору тууралуу эскертти.

1122305
Ирандын мурунку президенти Махмуд Ахмединежад башкаруудан митинг өткөрүү үчүн уруксат сурады

Ирандын мурунку президенти Махмуд Ахмединежад борбор шаар Тегеранда 20 -  январда эл да катыша турган бир митинг менен «жетекчилердин саясаттарын жана өлкөнүн башкаруу формасына каршы чыгуу» үчүн өлкөнүн башкаруусунан уруксат сурады.

Ахмединежад социалдык медиа эсебинен берген маалыматта ички иштер министри Абдуррыза Рахмани Фазлыга кат жиберип конституциянын 27 -  беренесине таянып 20 -  январда Тегерандагы "Инкылап" аянтында элдин катышуусу менен бир митинг өткөрүү талабын билдирди.

Жетекчилердин саясаттарын жана өлкөнү башкаруу формасына карата митингге чыгууну каалагандарын белгилеген Ахмединежад мыйзамдуу укугу болгон митингге уруксат берилбесе мунун ачык бир кылмыш болору тууралуу эскертип,  мындай абалда министрдин легитимдүүлүгүнүн жараксыз болорун ортого салды.

Иранда 2017 – жылдын акыркы күндөрүндө чыккан жана кыска убакытта жалпы өлкөдө жайылган митингдердин башталышында Ахмединежаддын «негизги ролду ойногондугу» айтылган.

Ахмединежад өткөн жылы да митинг өткөрүү үчүн уруксат талап кылган бирок өкмөт тарабынан кабыл алынган эмес.



Тектеш кабарлар