Ганадагы кагылышуулар

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Гананын түндүгүндө акыркы бир жумада болуп жаткан этникалык кагылышуулар миңдеген кишини жер алмаштырууга мажбурлады.

1121321
Ганадагы кагылышуулар

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Гананын түндүгүндө акыркы бир жумада болуп жаткан этникалык кагылышуулар миңдеген кишини жер алмаштырууга мажбурлады.

Улуттук табигый кырсыкты башкаруунун түндүк аймактык координатору Альхажи Абдулла Хинду Черепни аймагындагы конкомба жана чокоси этникалык группаларынын ортосунда кагылышуулардын болгондугун белгиледи. Хинду 31 -  декабрдан бери болуп келе жаткан кагылышуулардын айынан көпчүлүгү аялдар менен балдар болгон беш миңден ашуун кишинин аймактан чыгып кетүүгө мажбур болгондугун билдирди. Кагылышууларда жүздөгөн кишинин жаралангандыгын айткан Хинду көп сандаган үйдүн өрттөлгөндүгүн да белгиледи.

Хинду аймакка коопсуздук күчтөрүн жайгашыруу менен көчөгө чыгууга тыюу салынгандыгын билдирди.

Ганада кокомба  - чокоси этникалык топтордун ортосундагы кагылышуулар 2018 -  жылы май айында кокомбалардын бир участоктун өздөрүнө таандык экендигин айтышы менен башталып, арага кирген уруу шефтери участоктун чыныгы ээсинин чокосилер экендигин билдирген.



Тектеш кабарлар