Кытай атомдук болбогон бомбасын сынады

Кытай ушул кезге чейин чыгарган атомдук болбогон эң эффективдүү бомбасын сынады.

1120775
Кытай атомдук болбогон бомбасын сынады

 

Кытай мамлекеттик коргоо өнөр жайы Norinco фирмасы тарабынан берилген маалыматта "Mother of All Bombs" (Бардык бомбалардын энеси) деп аталган куралдын сыналгандыгын жарыялап, бул тууралуу кыска фильм жарыялады.

Кытай кабар агенттиги Синьхуа болсо бул бомбанын АКШнын коду GBU-43/B  болгон жана атомдук болбогон "Mother of All Bombs" (Бардык бомбалардын энеси) деп аталган бомбасына альтернатив катары чыгарылгандыгын жарыялады. Синьхуа бомбанын H-6K аскердик учак тарабынан качан жана кайда атылгандыгы тууралуу маалымат берген жок. АКШ колундагы мындай бомбаны акыркы жолу 2017 -  жылы Афганстандагы бир туннелди жардыруу үчүн колдонгон.



Тектеш кабарлар