АКШ Евфраттын чыгышында баш - аламандык менен бетме - бет

Али Шемхани АКШнын Евфрат дарыясынын чыгышында баш  - аламан абал менен бетме  - бет экендигин айтты.

1120807
АКШ Евфраттын чыгышында баш  - аламандык менен бетме  - бет

Иран улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин башкы катчысы Али Шемхани АКШнын Евфрат дарыясынын чыгышында баш  - аламан абал менен бетме  - бет экендигин айтты.

Шемхани борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн Эл аралык Батыш Азия Коопсуздук Конференциясында АКШнын Сириядан чыгуу планы тууралуу баа берди. Сирияда террордук уюм ДЕАШтын кулашында АКШнын бир ролунун болбогондугун жактаган Шемхани : «АКШнын Сирия стратегиясы жок болду. Эми да Евфрат дарыясынын чыгышында баш  - алман абал менен бетме  - бет. Азыркы шарттар АКШнын Сириядан чыгышын керек кылууда. 2019 -  жылы АКШ аймактан чыга баштайт. АКШ ушундайча Перс булуңунан чыгууга мажбур болот»,- деди.  



Тектеш кабарлар