Африка Биримдиги Габондогу аскердик төңкөрүш аракетин айыптады

Африка Биримдиги комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед, бул тууралуу социалдык медиа барагынан бөлүштү.

1120633
Африка Биримдиги Габондогу аскердик төңкөрүш аракетин айыптады

Африка Биримдиги Габондо болгон аскердик төңкөрүш аракетин айыптады.

Африка Биримдиги комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед, социалдык медиа барагынан берген жарыясында, «Африка Биримдиги, Габондо бүгүн эртең менен болгон төңкөрүш аракетин катуу айтыптоодо»,-деп жазды.

Мухаммед айрыкча, Африка Биримдигинин конституцияга терс түшкөн бардык бийлик алмаштырууларды толугу менен четке какканын эске салды.

Габондо бүгүн эртең менен улуттук радиону басып алган бир топ аскер төңкөрүш аракетин кылды.

Козголоңчу аскерлер Габондун улуттук жандармериялык ыкчам тобу (GIGN) тарабынан кармалды.



Тектеш кабарлар