Израиль Трамптын Иран тууралуу сөздөрүнө аң-таң болду

Борбору Израилде орун алган «Едиот Аронот» гезитинде орун алган маалыматка караганда израилдик жогорку рангадагы бир булак маалымдаган.

1118967
Израиль Трамптын Иран тууралуу сөздөрүнө аң-таң болду

Израиль, АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирандын Сирияда каалаганын жасай ала турганы жөнүндөгү билдирүүлөрүн таң калуу менен укканын жарыялады.

Борбору Израилде орун алган «Едиот Аронот» гезитинде орун алган маалыматка караганда израилдик жогорку рангадагы бир булак АКШнын президентинин «Ирандын Сирияда каалаганын жасай ала турганы» жөнүндөгү билдирүүлөрү тууралуу, «Президент Трамптын сөздөрү чалгындоо уюмдарынын сунуштарына терс түштү жана бул Трамптын аянтта эмнелер болгонун түшүнбөгөндүгүн көрсөтүүдө»,-деди.

Трамптын чалгындоо бөлүктөрү тарабынан сунушталган далилдерди эске албоосуусунун капага салуучу болгонун белгилеген булак: «Израиль катары аң-таң болдук, Трамп Ирандын аймактагы аскердик турумун түшүнбөйт»,деген серебин салды.

АКШнын президенти Трамптын эң жок дегенде Израилдин Сириядагы операцияларына каршы болбогонун айткан булак, мындай улантты: «Президент Трамптын билдирүүсү биз үчүн абалды өзгөртпөйт. Ирандын аскердик турумдарына каршы катуу чараларды көрүүнү улантабыз».

Трамп, өлкөсүнүн Сириядан чыгуу чечимине карата Иран туурасында мурдагы күнү сүйлөгөн сөзүндө, бул өлкөнүн абалынын санкциялардын натыйжасында өзгөргөнүн айткан жана «Иран Сирияда каалаганын кыла алат»,деген.



Тектеш кабарлар