Кытай Тайванды тынчтыкчыл биригүүгө чакырды

Тайвань лидери Цай Инь-вэнь кечээ Пекин өкмөтүнө Тайвандын жашоосуна жана Тайвань элинин «эркин жана демократиялык» бир системада жашоону тандоосуна сый көрсөтүлүшү керектигине чакырды.

1117649
Кытай Тайванды тынчтыкчыл биригүүгө чакырды
si cinping1.jpg

Кытайдын президенти Си Цзиньпин Тайвань менен кайрадан биригүүсүнүн «эч бир күч жана эч ким тарабынан эч качан тоскоолдук болбой турган тарыхый бир кыймыл» экендигин белгилеп, кайрадан биригүүгө чакырды.

Си борбор шаар Пекиндеги Тиананмен аянтындагы Чоң элдик залда Кытай улуттук элдик конгресстин туруктуу комитети тарабынан биринчиси 1979 -  жылы өткөрүлгөн жана Тайвань менен Кытайдын тынчтыкчыл биригүүсүн жактаган «Тайвандагы жолдошторго кабар» иш чарасынын 40 -  жылында сөз сүйлөдү.

Кайрадан биригүү ишке ашкандан кийин Кытайдын эгемендиги астында Тайвандын турмуштук стилине, социалдык системасына, менчик мүлктөрүнө, диний ишеничтерине, мыйзамдуу укуктарына, Тайвандын кызыкчылыгына толугу менен урмат  - сый көрсөтүлөрүн айткан Си : «Баарыбыз бир үй  - бүлөбүз»,- деди.

Тайвандын Кытайдын ички иштери экендигин жактаган Си кеңешүү жана сүйлөшүүлөрдүн да эки тараптын ортосунда жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Си тынчтыкчыл кайрадан биригүү үчүн кенен бир аянтты түзүүнү каалашкандарын бирок бөлүүчү кыймылдарга орун берилбей тургандыгын белгилеп : «Тайвандагылардын баары Тайвандын көз карандысыздыгынын бир гана терең апаатты алып келерин түшүнүшү керек»,- деди.

Си өзгөчө Тайвань менен кайрадан биригүүнүн эч бир өлкөнүн аралдагы мыйзамдуу жана экономикалык кызыкчылыктарына зыянын тийгизбей тургандыгын кошумчалады.

Тайвань лидери Цай Инь-вэнь кечээ Пекин өкмөтүнө Тайвандын жашоосуна жана Тайвань элинин «эркин жана демократиялык» бир системада жашоону тандоосуна сый көрсөтүлүшү керектигине чакырды.



Тектеш кабарлар