Индия менен Пакистандын ортосунда кагылышуу болду

Индия аскерлеринин Кашмирдеги текшерүү жолунда Пакистан күчтөрүнө ок атуусу менен 1 жаран каза болуп, 9 жаран жараланды.

1117087
Индия менен Пакистандын ортосунда кагылышуу болду

 Индия аскерлеринин Кашмирдеги текшерүү жолунда Пакистан күчтөрүнө ок атуусу менен 1 жаран каза болуп, 9 жаран жараланды.

Пакистан армиясы тарабынан берилген маалыматта Индия аскерлеринин эки өлкөнүн ортосундагы Кашмир текшерүү жолунда аткан ок менен 1 аялдын каза болгондугун, 9 жарандын жаралангандыгы билдирди. Жаралангандардын экөөсү аял жана үчөөсүнүн бала экендиги белгиленди.

Маалыматта Пакистан аскерлеринин жарандар кол салууга учураган жерлерде Индия аскерлерине жооп кайтаргандыгы билдирилди.

Пакистан коопсуздук жетекчиси Ража Шахид Индия тарабын кагылышууну баштоо менен күнөөлөп, эки тараптын бир канча саат кагылышкандыгын айтты.

Пакистандык жетекчилер чек арадагы Аатмукам кыштагында элдин коопсуз жерлерге качкандыгын айтты.

Окуяны четке каккан Индия армиясы болсо Пакистандын текшерүүсү астындагы Кашмир тарабынан чек арадан өткөндүгү ортого салынган кишилер тарабынан жасалган бир кол салуунун токтотулгандыгын айтып, 2 кишинин өлтүрүлгөндүгүн жана алардын Пакистан аскери болуу ыктымалын белгиледи.

Пакистандын текшерүүсүндөгү Азад Кашмир менен Индиянын текшерүүсүндөгү Камму Кашмир аймактарын бөлүп турган текшерүү жеринде тараптардын арасында кээ кээде кагылышуулар чыгууда.



Тектеш кабарлар