Орусияда жаратылыш газ жарылуусу болду

Урал аймагындагы Магнитогорск шаарындагы имаратта жергиликтүү убакыт боюнча саат эрте менен 04:00 чамаларында жарылуу болду.

1116519
Орусияда жаратылыш газ жарылуусу болду

Орусиянын Челябинск аймагындагы Магнитогорск шаарында бир имаратта болгон жаратылыш газ жарылуусунда алгачкы белгилөөгө караганда 4 киши каза болду. 

Челябинск губернаторлугунун басма сөз борборунан берилген маалыматта Магнитогорс шаарында 10 кабаттуу имаратта жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00 чамаларында  жарылуунун болгондугу белгиленди. Жарылууда 4 киши каза болуп жана жаралангандардын болгондугу билдирилди.

Магнитогорск шаарында чукул абал жарыяланып, издөө - куткаруу иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. Чукул абал министрлигинен жетекчилер жарылуунун жаратылыш газдан чыккандыгын айтышты. Имараттын экинчи кабатындагы квартирада чыккан жарылуудан улам 48 квартиранын зыян тарткандыгы белгиленди.  

Кремлден берилген маалыматта Челябинск губернатору Борис Дубровский окуя тууралуу президент В. Путинге телефон аркылуу маалымат бергендиги билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар