Гутерриш:«Жер шарыбыз стресс сыноосунан өтүүдө»

Антонио Гутерриш, жаңы жыл үчүн жарыялаган видео билдирүүсүндө, дүйнөдө болуп жаткан маселелерге карай өткөн аптада «кызыл коңгуроо» эскертүүсүн жасаганын эске салды.

1116074
Гутерриш:«Жер шарыбыз стресс сыноосунан өтүүдө»

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, дүйнө жүзү туш болгон согуш, кагылышуу, климат өзгөрүүсү, көч жана качкындар маселесине шилтеме кылып, «Жер шарыбыз стресс сыноосунан өтүүдө»,-деди.

Антонио Гутерриш, жаңы жыл үчүн жарыялаган видео билдирүүсүндө, дүйнөдө болуп жаткан маселелерге карай өткөн аптада «кызыл коңгуроо» эскертүүсүн жасаганын эске салды жана коркунуч уланып жатканын белгилеп өттү.

Гутерриш, билдирүүсүндө уланып жаткан согуш жана кагылышууларды соңуна чыгаруунун, геополитикалык бөлүнүүлөрдүн тереңдешүүсүнүн себебинен татаалдашканына жана рекорддук деңгээлде адамдын коопсуздук, коргонуу изденүүсү менен көчкөнүнө көңүл бурду.

БУУнун баш катчысы Гутерриш, үмүттүү болуш үчүн эмнелер болгонун белгилеп, Йемен сүйлөшүүлөрүнүн тынчтык үмүтүн жаратканын, Эфиопия жана Эритренин ортосунда көптөн бери уланган чыңалуунун сентябрь айында Риадда жетишилген келишим менен соңуна чыгарылышынын да аймакка тынчтык үмүтүн алып келгенин айтты.

Глобалдык ысынуу алып келген климат өзгөрүүсүнө да токтолгон жана бул абалдын «Дүйнөгө коркунуч» жаратканы эскертүүсүн кылган Гутерриш, көзөмөлсүз климат өзгөрүүсү чырмоогун токтотуш үчүн акыркы мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербөө керектигине басым жасады.

Гутерриш, эл аралык кызматташтык иштесе, дүйнө жүзү пайда таба турганынын серебин салды.



Тектеш кабарлар