АКШ менен Кытай жаңы бажы салыктарын киргизбейби?

АКШнын президенти Дональд Трамп, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1116057
АКШ менен Кытай жаңы бажы салыктарын киргизбейби?

АКШнын президенти Дональд Трамп, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн ортосундагы соодалык кризиске карай келишимде маанилүү жолду басып өткөнүн белгиледи.

Твиттер барагынан маалымат берген Трамп: «Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен азыр узун жана абдан жакшы телефондогу сүйлөшүүнү өткөрдүм. Келишимге даярдык абдан жакшы. Түзүлүп калса абдан кеңири, бардык темаларды, тармактарды жана түшүнүшпөстүк жерлерин камтыйт. Чоң жылыш болду»,-деп айтты.

Трамп жана Кытайдын мамлекет башчысы Си, Аргентинанын борбор калаасы Буэнос- Аиресте өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында өткөргөн жолугушууларында эки өлкөнүн ортосунда көптөн бери уланган соода согушунун жаңы тарифтер менен күчөшүнө бөгөт боло турган 90 күндүк бажы тарифин жогорулатпоо  боюнча макулдашышкан.

Вашингтон башкаруучулугунун 200 миллиард доллардык Кытайдын товарына киргизген бажы салыгынын катышын 1-январдан тарта 10 пайыздан 25 пайызга чыгаруу боюнча токтомду токтото турган макулдашуу, тараптардын бири-бирилерине карай жаңы бажы салыктарын киргизүүлөрүнүн да алдын алат.


Этикеткалар: #Трамп , #Си Цзиньпин

Тектеш кабарлар