Чехияда бир шахтада жарылуу болду

Жарылууда 13 жумушчу каза тапты.

1111140
Чехияда бир шахтада жарылуу болду

Чехияда бир шахтада болгон жарылууда алгачкы белгилөөлөргө караганда  13 жумушчу каза болду.

Шахта фирмасынын катчысы Иво Челебовский өлкөнүн түндүк чыгышында Карвина шаарынын жакындарындагы көмүр шахтада болгон жарылууда 13 жумушчунун каза болгондугун билдирди.

Иво Челебовский каза болгон жумушчулардын 11нин польшалык, экөөсүнүн Чехия жараны экендигин, метан газынан чыккандыгы белгиленген жарылууда 10 жумушчунун да жаралангандыгын айтты.

Жарылуунун 800 мтерге жакын тереңдикте болгондугу билдирилди. Польшанын премьер  - министри Матеуш Моравецкий менен Чехиянын премьер  - министри Андрей Бабис каза болгон жумушчулардын үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтты. Эки лидердин бүгүн кырсык болгон шахтага келиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар