Эч бир тынчтык планы глобалдык макулдашуунун ордун ээлей албайт

Мансур, БУУнун башкы борборунда журналисттерге маалымат берип, эч бир тынчтык планынын глобалдык макулдашуунун ордун ээлей албай турганын белгиледи.

1109835
Эч бир тынчтык планы глобалдык макулдашуунун ордун ээлей албайт

Палестинанын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Рияд Мансур, АКШда Трамп башкаруучулугунун Жакынкы Чыгыш планынын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жок экенин жана жарыяланаары менен талкалана турганын айтты.

Мансур, БУУнун башкы борборунда журналисттерге маалымат берип, эч бир тынчтык планынын глобалдык макулдашуунун ордун ээлей албай турганын белгиледи.

Мансур АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык планы тууралуу, «Ийгиликтүү болуу мүмкүнчүлүгү жок, туулар замат өлөт»,-деди.

Кызматынан жылдын акырында кете турган АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли тууралуу сереп салган Мансур, Хейлини «агрессивдүү» жана «Израилдин таламын талашуучу» деп сынга алды.

Мансур: «Хейлинин мамилеси мурдагы АКШлык өкүлдөргө караганда дагы агрессивдүү жана Израилдин таламын талашууда, Хейли тилекке каршы израилдиктерден дагы көп израилдик сыяктуу мамиле кылды, Палестина калкына каршы ашкере душманча мамиле көрсөттү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар