АКШ аскерлерин Сириядан чыгара баштады

Ак үйдөн келген акыркы маалыматта « (Террордук уюм) ДЕАШ менен күрөшүүдө жаңы баракка өтүлүп жатканда АКШнын аскерлери өлкөгө кайта баштады»,делди.

1110180
АКШ аскерлерин Сириядан чыгара баштады

АКШнын  аскердик күчтөрүнүн Сириядан чыгарылышы темасында жаңы маалымат келди...

Ак үйдөн келген акыркы маалыматта « (Террордук уюм) ДЕАШ менен күрөшүүдө жаңы баракка өтүлүп жатканда АКШнын аскерлери өлкөгө кайта баштады»,делди.

АКШнын президенти Дональд Трамп, бир каняча саат мурда «Сирияда болушубуздун жалгыз себеби болгон ДЕАШты жеңдик»,-деп айткан болчу.

Бул окуянын дароо аркасынан Ак үйдөн келген маалымдоодо АКШнын аскерлеринин Сириядан кайта баштаганына басым жасалышы көңүлдөрдү бурду.

Сириядагы АКШнын тышкы иштер кызматкерлери 24 сааттын ичинде, аскердик кадрлардын болсо 2-3 айдын ичинде бул өлкөдөн чыгышы көздөлүүдө.

АКШ, 2011-жылдан бери жарандык согуштун чеңгелиндеги Сирияга алгачкы аскердик бөлүгүн расмий түрдө 2015-жылы жайгаштырган.



Тектеш кабарлар