Грецияда телеканалда жарылуу болду

Окуядан 45 мүнөт мурда башка бир телеканал жана маалымат порталынан эскертүү кылганы белгиленди.

1108325
Грецияда телеканалда жарылуу болду

Грециянын SKAI телеканалынын имаратына сааттуу бомба менен кол салуу болуп зыянга учуратты.

Окуядан 45 мүнөт мурда башка бир телеканал жана маалымат порталынан эскертүү кылганы белгиленди.

Бул эскертүү боюнча иш-аракетин кылган грек полициясы, телеканалдын имаратынан бардыгын чыгарды. Имараттын алдындагы Посейдонос бульвары жабылып, аймак коопсуздук астына алынды.

Жарылуунун себебинен чөйрөдө кыска мөнөттүү баш аламандык болду. Окуяда жаракат алган эч ким болгон жок.

Өлкөдө убак-убагы менен радикал солчул уюмдар тарабынан буга окшогон кол салуулар болуп жатканы белгиленген.


Этикеткалар: #Греция

Тектеш кабарлар