АКШ - Мексика чек арасында бир кыз бала каза болду

Качкын конвоюндагы гватемалалык кыз Мексика- АКШ чек арасында каза болду.

1106981
АКШ - Мексика чек арасында бир кыз бала каза болду

Ортоңку Америкадан АКШга баруу үчүн жолго чыккан качкын конвоюндагы гватемалалык кыз Мексика- АКШ чек арасында каза болду.

«Washington Postтун» кабарында өткөн жумада атасы менен мыйзам тышы жолдор менен АКШ тарабына өткөн 7 жаштагы кыз баланын камоого алынгандан кийин көптөгөн сааттардан кийин каза болгондугу билдирилди.

Баланын өлүм себебинин ашыкча суюктук жоготуу жол ачкан жүркө пристубу болгондугу белгиленди.

Associated Press агенттиги чек ара коргоочуларынын айтканына таянып берген кабарында да кичинекей кыздын көптөгөн күндөрдөн бери ач жана суусуз экендиги белгиленди.

АКШ башкаруусу кыздын өлүмү тууралуу азырынча расмий маалымат берген жок.

Ортоңку Америкадан АКШга баруу үчүн жолго чыккан 7 миңден ашуун киши болгон качкын конвоюу өткөн айда Мексиканын чек ара шаары Тихуанга барган.

Гватемала, Гондурас жана Сальвадордонжакырдык, күч жана зулумчулуктан качкандары билдирилген качкындардын бир тобунун максаты камоого алына тургандыгына байланыштуу эскертүүлөргө карабастан АКШга кирүү.

АКШнын чек ара коргоочулары өткөн айда чек арадан өтүүгө аракет кылган, араларында балдар да болгон көчкындарга көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишкен.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ортоңку Америкадан АКШга баруу үчүн жолго чыккан качкын конвоюнан эч кимдин соттун буйругу болбостон өлкөгө алынбай тургандыгын белгилеген.

 

 



Тектеш кабарлар