Кытайдын вице - премьер - министри АКШ тарабы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Чоң жыйырмалыктагы Трамп  - Си Цзиньпин жолугушуусунда эки өлкөнүн 90 күн боюнча жаңы бажы салыгын алып келбөө тууралуу келишим түзүлгөн болчу.

1104681
Кытайдын вице  - премьер  - министри АКШ тарабы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кытайдын вице – премьер  - министри Лю Хы АКШнын казына министри Стивен Мнучин жана соода өкүлү Роберт Лайтхайзер менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кытай соода министрлигинен берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын 30 -  ноябрь жана  1 -  декабрда Аргентинада өткөн чоң жыйырмалык саммитинде түзгөн макулдашуунун ишке ашышы каралып, экономикалык жана соода сүйлөшүүлөрүндө жаңы кадамдарга карата жол картасы менен календардын алдыга жылдырылышы тууралуу пикир алышууларда болушту.

Чоң жыйырмалыктагы Трамп  - Си Цзиньпин жолугушуусунда эки өлкөнүн 90 күн боюнча жаңы бажы салыгын алып келбөө тууралуу келишим түзүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар