Иранда суу кыйынчылыгы

Ирандын Мешхед шаарында 20 жылдан кийин ичүүгө боло турган суу жана сугат суу кыйынчылыгы болот.

1104123
Иранда суу кыйынчылыгы

Ирандын Мешхед шаарында 20 жылдан кийин ичүүгө боло турган суу жана сугат суу кыйынчылыгы болот.

Ирандык студенттер маалымат агенттигинин билдиргенине караганда «Аз суу каалаган продукциялардын сугарууда биотехнологияны колдонуу» деген темадагы конференцияда сөз сүйлөгөн Мешхед Фирдевис университетинин айыл  - чарба факультетинин суу инженериясы мугалими доктор Камуран Давери : «Мешхеддин жер астындагы суулары жыл сайын дагы тереңге тартылып баратат. 20 жылдан кийин жер астындагу суунун туз катнашы 3 миң микромос/ сантиметр болот. Бул катнаш менен суу ичилбей турган абалга келет жана сугат ишинде маселелер чыгат деген мааниге келүүдө»,- деди.

Суу маселесин кыска убакта чечүүнүн мүмкүн эмес экендигин айткан Давери Разави Хорасан аймагында суу колдонууда 40 пайыздык үнөмдөөгө баруу керектигин белгиледи.

Ирандын түндүк  - чыгышындагы Разави Хорасан аймагынын борбордук шаары жана өлкөнүн чоң шаары Мешхедде 3 миллион киши жашайт.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар