Арменияда болгон шайлоонун жеңүүчүсү Пашинян Түркия тууралуу маалымат берди
Пашинян : «Түркия менен алдыңкы шарт болбостон түздөн түз карым - катнаш курууга даярбыз. Түркия да буга даяр деп ойлойм»,- деди.
![Арменияда болгон шайлоонун жеңүүчүсү Пашинян Түркия тууралуу маалымат берди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/217a/1059/dc70/5c0f58b6792cb.jpg?time=1718732177)
Армениядагы эрте шайлоонун жеңүүчүсү убактылуу премьер - министр Пашинян : «Түркия менен алдыңкы шарт болбостон түздөн түз карым - катнаш курууга даярбыз. Түркия да буга даяр деп ойлойм»,- деди.
Жуманын акырында болгон эрте шайлоонун жеңүүчүсү Пашинян премьер – министрлик имаратында чет элдик журналисттер менен жолугушуп суроолоруна жооп берди.
«Түркия менен карым - катнаштарыбыз Тоолуу Карабах маселеси менен байланыштуу»,- деген Пашинян Армения менен Азербайжандын ортосундагы карым - катнаштын Түркия менен Армениянын ортосундагы карым - катнаштарга да таасир тийгизгендигин белгиледи.
Пашинян : «Мындан мурда да көптөгөн жолу айттым. Түркия менен алдыңкы шарт болбостон түздөн түз карым - катнаш курууга даярбыз. Түркия да буга даяр деп ойлойм»,- деди.
Армения басып алган Тоолуу Карабах меселесине да токтолгон Пашинян мунун эл аралык күн тартипте жана алдыңкылыктарынын арасында орун алгандыгын айтты. Пашинян : «Бул маселени чечүүдөн үмүттүүмүн. Тынчтыкчыл жол менен чечүүнү жактайбыз»,- деди.
Пашинян Тоолуу Карабах маселесинин ал жерде жашагандардын өзүн өзү башкаруу укугу берилбестен мүмкүн эмес экендигин айтты. Лидери болгон союздаштыгы менен шайлоодо добуштардын 70, 4 пайызын алган Пашинян кандай тышкы саясат жүргүзөрүнөн сөз кылып, Орусия менен салттык түрдө жакшы карым - катнаш ичинде экендерин, ошол эле учурда Европа Биримдиги менен орток жана Европа Кеңешине мүчө экендерин эске салды.
«Эч бир таасир астында эмеспиз»,- деген Пашинян НАТО менен карым - катнаштарын уланткандыгын белгилеп : «Бирок НАТОго мүчө болуу ниетибиз жок»,- деди. Пашинян Иран менен карым - катнаштардын Америка санкцияларынан таасирленип же таасирленбегендиги тууралуу суроого да Ирандын өлкөсү үчүн турмуштук мааниге ээ коңшу экендигин айтты.
Пашинян жаңы мезгилде алдыңкылыктарынын «экономикалык төңкөрүш» болорун да сөздөрүнө кошту.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718732178)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.